Баткенде шайлоочуларды ташып келүү байкалды

БАТКЕН. Баткен облусу боюнча он алты айыл өкмөт, бир шаар жана үч поселек башчыларын шайлоо сексен добуш берүү участкасында жүрдү. Саат он алтыга облус боюнча 37 пайыз шайлоочу добуш беришкен. Мындай маалымат Баткен облустук шайлоо комиссиясынан 18-декабрь күнү алынды. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облустук бөлүмү тарабынан даярдалган төрт узак мөөнөттү жана элүү бир кыска мөөнөттүү байкоочулар дубандын тандалып алынган он айыл өкмөтүндө добуш берүүгө көз салышты. Аталган уюмдун облустук жетекчиси Карамат Орозованын берген маалыматында, шайлоого катышуу өтө суз жүрүп жатканы көпчүлүк участкаларда байкалган. Ошондой эле Исфана шаар башкармалыгына талапкерлердин колдоо штабдары тарабынан шайлоочуларды транспорт менен ташып келүүлөр да байкалган. Мындай көрүнүштөр, айрыкча кечке жуук күч алат деген оюн “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын облустук бөлүмүнүн башчысы Карамат Орозова маалымдады.