Казакстандыктар адам укугу боюнча комиссияга кайрылышты

БИШКЕК. Казакстан атуулдары Азамат Жетписбаев менен Владимир Боровиков президент алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акунга 18-декбарда кайрылуу жолдошту. Анда Казакстандын оппозициясынын жаш өкүлү Махамбат Абжанды коргоп калууну суранышкан. Ал казак бийлиги тарабынан мамлекеттик казынадан 1 миллион тенге жеп койгон деп айыпталууда. Махамбат Абжан Казакстандагы оппозициячыл патриоттук жаштар кыймылынын лидери. 13-декабрда Казакстандын коопсуздук кызматынын катышуусу менен кыргыз милициясы Махамбат Абжанды жашап аткан үйүнөн кармап кеткен. Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгыгын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат. Турсунбек Акундун айтымында, бул жаш саясатчыларга казак бийлиги тарабынан саясий куугунтук болуп атышы ыктымал. Нурсултан Назарбаевдин атаандашы Жармахан Туякбайдын шайлоо штабын жетектеген Төлөн Токтосунов Турсунбек Акунга Махамбат Абжан жетектеген жаштар кыймылы оппозициянын катарында болуу менен президентти ачык сынга алып келгендигин тастыктаган. Турсунбек Акун казакстандык жаштарды эртең 19- декабрда кабыл алаарын билдирди.