Ирак сунниттери шайлоону колдоодо

Ирактагы сунниттердин саясий альянсы бейшемби күнү өткөн парламенттик шайлоону кубаттады. Сунниттердин партиялары түзгөн Ирак ынтымак фронтунун лидери ал-Дулайми Багдадда маалымат жыйынын өткөрүп, буларды билдирди:

Шайлоо ийгиликтүү өттү жана анда ким жеңишке жетишпесин- ал улуу жеңиш. Шайлоонун башаламандыксыз өткөнү үчүн Кудайга ыраазычылык айтабыз. Добуш берүү учурунда бир-эки окуя болду, эми ушундай башаламндыкта жашап жаткан биздин мамлекет үчүн ал эч нерсе эмес.

Ал ошондой эле көпчүлүктү түзгөн шииттер суниттер менен коалицияга бармайын өкмөт түзө албасын белгилей кетти. Иракта парламенттик шайлоонун салыштырмалуу тынч өтүшү менен Ирак элин АКШ элчиси жана аскерий командачылыгы куттуктады.