Өлкөнүн парламенти ушундай чечим чыгарды. Он беш жылдан бери бийликте турган Александр Лукашенко бу жолку шайлоодо да кызматын сактап калары айтылууда. Мурдагы шайлоо өнөктүктөрүндө эл аралык байкоочулар белорус бийликтерин оппозициялык талапкерлерди куугунтуктап, административдик кысым-кысмак ыкмаларын колдонгону үчүн айыпташкан эле.