Анжиян окуясы боюнча сот уланууда

Анжиян окуясына тиешеси бар деп айыпталган 78 адамдын үстүнөн сот жабык эшик артында бүгүн башталды. Соттолгондор ичинен 36 киши күч органдарынын өкүлдөрү. Аларга өкмөттүк имараттарга чабуулду токтотуп калбагандыгы жана окуянын алдын албагандыгы үчүн айып коюулууда. Буга чейин Анжиян окуясы боюнча сотто ондогон адамдар узак мөөнөткө кесилген. Май айында болгон Анжиян калабасында расмий маалыматтар боюнча 187 адам каза болгон. Ал эми укук коргоочулар набыт болгондор алда канча көп деген пикирде.