БИШКЕК. “Эркиндик”, “Кыргызстан” патриоттук кыймылы баштаган 7 партия президент Курманбек Бакиевге референдум өткөрүү талабын коюп жатышат. Алар бул тууралуу мамлекет башчыга кайрылуу жөнөтүштү. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” билдиргенге караганда, Конституциянын долбоорун дагы толуктап, аны референдум аркылуу кабыл алуу талабы айтылган. Андан сырткары кайрылууга кол койгон 7 партия бул референдумга парламентти таркатуу маселесин да кошуу керек деп эсептейт. “Парламенттин тагдырын да элге коюп, референдум аркылуу чечүү керек”,- дейт Топчубек Тургуналиев. “Эркиндик” партиясы парламентти таратуу боюнча жер- жерлерден топтолгон 300 миң колду 10-декабрда БШКга тапшырган. Конституция боюнча 300 миң кол топтолгондон кийин бул маселени референдумга коюуга жол ачылат