Бюджет долбоору боюнча парламенттик угуу болду

БИШКЕК. Келерки жылы инфляция 4, 5 пайыз денгээлинде болуп, сомдун долларга болгон катышы 42 сомдун тегерегинде болоору болжолдонууда. Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 19, 7 миллиард сомду түзмөкчү. Бул тууралуу каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров 14-декабрда 2006-жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди. Министр кыргыз өкмөтү салык мыйзамдарын реформалоону көздөп жатканын, ага ылайык киреше салыгы 10 пайызга кыскартылаарын, айыл чарба техникаларын алып кирүүгө кошумча нарк салыгын алып салуу караштырылып жатканын билдирди. Ошондой эле 2006-жылдын бюджети социалдык багытта экенин, бул чөйрөгө чыгашанын 49 пайызы сарпталаары айтылды. Ал эми Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков бюджет долбоорун социалдык багытта дегенге макул эмес. «Пенсия курагын түшүрүү боюнча кирбесе, айлык мынча пайызга көтөрүлөт деп айтылбаса, беш пайыз же эки миллиардды каягына бөлүштүрөт» - дейт депутат Келдибеков.