БИШКЕК. Кыргызстандын тоолуу райондорун өнүктүрүү боюнча улуттук борбор менен Кыргызстандын экологиялык фонду тышкы карыздарды жоюу боюнча стратегиялык документ иштеп чыгышты. Бул тууралуу аталган уюмдардын төрагалары Асылбек Айдаралиев менен Кулубек Бөкөнбаев маалымат жыйынында билдиришти. Тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо максатындагы мындай сунуш Кыргызстан тарабынан БУУнун Башкы ассамблеясынын 60 сессиясында көтөрүлгөн. Экологиялык фонддун төрагасы Кулубек Бөкөнбаевдин пикиринде Кыргызстан өзүнүн экологиялык келечегин камсыздоо үчүн 20-30 жылдык стратегия, экологияны коргоо жөнүндө мыйзам иштеп чыгышы керек. Ал үчүн болуп көрбөгөндөй чоң өлчөмдө каражат талап кылынат. Ошондуктан, Кыргызстан бардык башка тоолуу өлкөлөр менен биргелешип иштөө саясатын улантышы керек. Учурда Кыргызстанда БУУнун узак мөөнөттүү бир нече программасы иштеп жатат. Алардын бир программасы эле 5 миллион долларды түзөт. Мындан тышкары Кыргызстан келерки жылы «Эл аралык тоо өнөктөштүгү» экинчи тоо саммитин өткөрүүнү көздөп жатат.