Бишкектин бюджетинин долбоору коомдук талкууга даяр

БИШКЕК. Бишкек мэриясы баш калаанын бюджетинин долбоорун түзүп бүтүп, коомдук талкууга сунуш клды. Бишкектин келээрки жылдагы бюджети үчүн 1млрд 550 миң сом каралды. Анын негизги бөлүгү, 62,8 пайызы саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарына жана социалдык маселелерди чечүүгө жумшалат. Ошондой эле Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери үчүн үч айда бир берилүүчү жөлөк пулду 750 сомго жеткирүү, коммуналдык кызматка берилүүчү каражатты 100 пайыз камсыздоо каралган. Буга чейин коммуналдык кызматка кекректелүүчү сумманын 60 пайызы гана бөлүнүп келген.