Хорватиянын борбору Загреб шаарына он миңдеген адамдар чогулуп, аскерий кылмыш жасаган деп шектелип кармалган генерал Анте Готовинага колдоо көрсөттү. Демонстрацияны атуулдук согуштун ветерандары уюштурушкан жана көчөгө чыккандар генералдын сүрөтүн, улуттук желекти көтөрүп турушту. Испанияда кармалган Готовина ишемби күнү Гаага трибуналына жеткирилген эле.