Ооганстандагы жардыруудан үч адам жарадар болду

Ооганстандын Кандагар шаарында америкалык аскерий автоколоннанын жанында бомба салынган машинанын жарылышынан жөнөкөй үч атуул жарадар болду. Аскерлер жабыркаган эмес. Бул жардыруу коалициянын аскерлерине каршы күрөшүү жана Хамид Карзайды америкалыктар жана британдыктар менен кызматташуусу үчүн өлтүрүү чакырыгы жазылган китепче таратылгандан кийин жасалды. Пуштун тилинде жазылган 12 беттен турган китепче Ооганстандын түштүгүндө таратылган. Ошол эле учурда “ал-Каидадагы” экинчи киши эсептелген Айман ал-Завахиринин кайрылуусу интернетте пайда болуп, анда ал мусулмандарды батышка каршы газаватка чыгууга чакырган. Завахири ошондой эле талиптердин лидери Молдо Омардын иш-аракетин жогору баалаган.

Эл аралык соңку кабарларды Прагадан Айданбек Акмат уулу даярдады