Адам укугун бузуулар арбып барат

БИШКЕК. 10-декабрда Улуттук филармонияда адам укуктарын коргоонун эларалык күнүнө арналган жыйын өттү. Акыйкатчы институтунун демилгеси менен өткөн бул жыйынга расмий бийликтин, жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, анда Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышына байланышкан абал талкууланды. Жыйында акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бул институт түзүлгөн алгачкы жылы 12 миңдей адам кайрылганын, бирок акыркы жылдарда адам укугунун бузулушуна байланышкан арыз даттануулардын арбып баратканын белгиледи. Адам укугун бузуулардын көбөйүшү өзүн демократиялуу деп эсептеген өлкөгө абийир алып келбестигин Конституциялык сот торайымы Чолпон Баекова да ырастады. Жыйында “Пирамида” телекомпаниясына байланышкан соңку кырдаал да талкууга алынып, жарандык коом өкүлдөрү аны Кыргызстандагы сөз эркиндигине коркунуч туудуруучу окуя катары баалашты.