«Кыргыз туусу» менен «Слово Кыргызстана» өкмөттөн көз карандысыз болот

БИШКЕК. Өкмөттүк «Кыргыз туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттери жана облустук мамлекеттик администрациялардын карамагындагы гезиттер корпоративдик башкарууга өтмөй болду. Буга байланышкан жардыкка президент Курманбек Бакиев 8-декабрда кол койду. Бул тууралуу 9-декабрда президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. Жардыкка ылайык, аталган маалымат каражаттарын акционерлештирүү жараянын кыргыз өкмөтү ишке ашырат. «Журналист» коомунун төрагасы Кубан Мамбеталиев мындай чечимди маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын камсыздоого жасалган кадам катары баалады.