Каракече “кайрыктары”

БИШКЕК. Каракече көмүр кениндеги “Акулак” мамлекеттик акционердик коомунун башчысы Нурлан Мотуев 9-декабрда “АКИпресс” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, 1-декабрда көмүр кенинде чыр чыкканы, жардыргыч затты колдоном деп, кенчилерди коркуткану тууралуу өзүнө каршы коюлуп жаткан айыптарды четке какты:

- Эч кандай граната жарылган жок. Бүт баары татынакай иштеп жатат. Бул калп. Аны менин душмандарым чыгарышкан.

8-декабрда “Көмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысынын орун басары Геннадий Изюмов жергиликтүү телеканалдарга жумушчулардын айрым бөлүгү эмгек акы үчүн карыздарын төлөп берүүнү талап кылышканда Мотуев граната жардырам деп аларды коркутканы тууралуу билдирген. Нурлан Мотуев бул айыптоолордун негизсиз экенин айтып, Геннадий Изюмовду сотко берүүгө ниети барлыгын айтты. Ал эми мындай маалыматты Улуттук коопсуздук кызматынан алганын 9-декабрда “Азаттыкка” билдирген Геннадий Изюмов бул маселе боюнча эч кандай комментария бере албастыгын айтты.

Маалымат жыйынында ошондой эле “Жоомарт” кыймылы Жумгал эли менен бирдикте президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоп жатканы, анда көмүр кенинде пландуу иш жүргүзүү үчүн 30 миллион сомдук капиталдык салымга муктаждыгы, эгер бул маселе 15-декабрга дейре натыйжалуу чечилбесе нааразылык чараларына чыгышып, Каракечеге барчу жол тосулаары айтылды.