АКШ өкүлү Түндүк Корея бийлигин ырайымсыз деп сындады

Кошмо Штаттары коммунисттик Кореядагы адам укугунун абалы жакшырса, региондогу стабилдүүлүккө кызмат кылат деп санайт. АКШнын Түндүк Кореядагы адам укугу боюнча өкүлү Жей Лефковиц Сеулда өтүп жаткан жыйында
«Түндүк Кореядагы бийликти өтө ырайымсыз» деп сындаган:
Мыйзам бул өлкөдө түн ортосунда эшикти тээп ачуу менен алмашкан. Мен кечээ күнү Түндүк жана Түштүк Корея ортосундагы бейтап тилкеде болгонумда, тикенектүү зымдын аркы тарабында үмүтсүз жана коркуп-үрккөн жабык дүйнө жатканын көрдүм.-, деп айтты Жей Лефковиц.

Лефковицтин кызмат вазийпасы Түндүк Кореядагы адам укугунун абалына эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу жана түндүктүк качкындарга жардамдашуу.