Ингушетияда согушчандарга каршы ири операция жүрүүдө.

Россиянын коопсуздук күчтөрү Ингушетияда шектүү согушчандарга каршы ири операция жүргүзүүдө. Ингуш бийликтери ар бир шаар-кыштактын эли кылдат текшерүүгө алынарын эскертти.
2004-жылдын июнь айында республиканын ички иштер министрлигинин Назрандагы башкеңсесине жана жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнө жасалган чабуул учурунда 79 киши, анын ичинде 43 милиционер жана аскер окко учкан.