Россиядан Германияга газ ташуучу куур курула баштайт

Орусиядан Балтия деңизинин түбү менен Германияга газ ташуучу куурдун курулушу салтанаттуу ачылды.

Вологда аймагындагы Бабаево шаарынан башталган курулуш ишинин башталышына Германиянын Экономика министри Михаел Глосс да катышты.

1 миң 200 чакырым келген куурду Орусиянын Газпром ишканасы курат жана ал аркылуу газ Германияга жана башка Батыш Европалык өлкөлөргө 2010-жылдан баштап ташыла баштайт.