БШК А. Бекназаровду депутат катары каттады

БИШКЕК. БШК 8- декабрда №20 Аксы округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына Азимбек Бекназаровду каттоо тууралуу токтом кабыл алды. 27- ноябрдагы шайлоодо ал 88 пайыздан ашык добуш алган. БШК ушул эле күнү №8 Түндүк округунда шайлоочулардын тизмелерин ачып текшерүү тууралуу чечим кабыл алды. Шайлоочулардын тизмелерин текшер турган БШКнын жумушчу тобуна атуулдук коом өкүлдөрү да тартылмак болду. 27- ноябрда бул округда Жаныш Кудайбергенов 52 пайыз добуш алган. Анын атаандаштары Роза Отунбаева, Бакыт Керимбеков, Талгарбек Момуналиев БШКга добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар болду деп кайрылышкан. БШК ушул эле күнкү жыйынында №69 Балыкчы округу боюнча парламент депутаты Тынычбек Акматбаевдин ыйгарым укуктары токтотулгандыгы жөнүндө чечим кабыл алды.