Атактуу композитордун чыгармаларын аткаргандардын сынагы өттү.

НАРЫН. Кыргыз эл артисти, композитор Жумамүдүн Шералиевдин 90-жылдыгына карата аткаруучулардын кароо-сынагы болуп өттү. Оболу далай обондору элдик ырга айланып кеткен, 79 жаш өмүр сүргөн маалында 600 орун жараткан залкар Жумамүдүн Шералиевдин карылык курагындагы тасма көрсөтүлүп, облустук Муратбек Рыскулов атындагы театрдын өнөрпоздору театрлаштырылган чакан инсценировка тартуулашты. Бирок улуу обончунун чыгармаларын тартуулоого Акталаа, Кочкор райондорунун бир дагы аткаруучу келип катышпаса, Жумгал районунан жалгыз адам келгендиги белгилүү болду. Ал эми жыйырмага жакын кароо-сынактын катышуучуларынын жетөө гана эл арасынан иргелип келгендер экен. Облустук маданият башкармасынын акими Садыркул Нурмамбетов облустук акимчилик 5 миң сом салым кошкондугун жана кароо-сынакта айрым демөөрчүлөр колдоо көрсөтүшкөндүгүн белгилеп, келерки жылдын башында Жумамүдүн Шералиевдин 90 жылдыгы өлкө борборунда өтө тургандыгын маалымдады.