Президент Ниязов газ менен мунайды жалгыз өзү сатмак болду

Түркмөнстандын парламенти президент Ниязовго мунай жана газ өнөр жайын түздөн түз контролдоого жол ачкан мыйзамды кабыл алды.
Жаңы мыйзамга жараша, мунай-газды сатууга жана кендерди пайдаланууга байланыштуу бардык иштер президенттин гана уруксаты менен жүргүзүлүп, келишимдерге да президент өзү кол коет.
Ниязовдун түшүндүрүшүнчө, жаңы мыйзам мунай-газ тармагынын жетекчилеринин чет өлкөлүк компаниялардан пара алуусуна токтотуу үчүн зарыл болду.