Украин парламенти шейшемби күнү кезексиз өткөн сессияда куш тумоосуна каршы чара көрүү маселесин талкуулады. Президент Юшенко ветеринардык кызматтарды илдеттин алдын албаганы үчүн күнөөлөп, бийликтер коркунучтуу вирусту жайылтпай токтотуунун бардык амалдарын жасайт деди. Ушул эле күнү Крым жарым аралындагы илдет катталган үч аймакта чукул кырдаал абалы жарыяланды. Маалыматтарга караганда, илдет 2 миңден ашуун бакма канаттууну кырган. Бийликтер өзү да Крым жарым аралында 22 миң тоок-казды жок кылышкан. Куш тумоосу адамга жуккан учурлар Украинада каттала элек.
Украинананын ветеринардык кызматы куш тумосун обол 3-декбарда өлкөнүн түштүк чыгышындагы Сиваш жээгиндеги алты кыштакта каттады.
Россиядан Африкага жана Жакынкы Чыгышка кайткан келгин куштар демейде Сивашка токтоп өтүшөт.
Жергиликтүү эл каз-тооктордун белгисиз дарттан өлгөнүн сентябрда биринчи жолу байкашып, ошол замат тийиштүү кызматтарга билдиришкен. Некрасовка кыштагынын тургуну Олег Путрин:
- Ветеринарлар алгач келгенде тооктор жаман тамак жеп ууланыптыр деп бизди соороткон. Эгер алар ошол замат чара көрүшсө, натыйжа болмок.
Бийликтер өлгөн тооктун башына 2 доллардан, каздын башына 4 доллардан акча төлөгөн. Путрин бул акча чыгымды кой, бир тоокко жетпейт деп даттанат:
- Алар бизге төлөгөн акчага күлкүң келет. Ал акчага бир тоок келбейт. Тоокту башып өстүргөнгө жумшалган жемдин баасын айтпай эле койоюн.
Кеч болсо да, Украин өкмөтү куш илдетин басуу үчүн тез чара көрдү. Кооптуу кыштактарга врачтардын 19 тобу келип, илдеттин вирусу жукту деп шек түшкөн 900 ашык кишини көзөмөлгө алды.
Президент Виктор Юшенко дүйшөмбү күнү Крым жарым аралына шашылыш келип, коркунучтуу вирусту жайылтпоо үчүн бардык иштер жасалат деп элге сөз берди:
–Бүгүн жагдай толук контролдо. Кесел тооктор жок кылынат жана 12-декабрга тургундардын баары, биринчи кезекте балдар эмделип бүтөт. Биз Украина бул илдетке каршы өтө кылдат иш жүргүзүүдө деп айта алабыз.
Виктор Юшенко муктаждарга катар каалаган адамдарды эмдөө үчүн даары-дармек жетиштүү экенин эскертти:
-Бул жерде азыр 60 миң доза вакцин бар. Биз коопсуздук үчүн Сиваш жээгиндеги муктаж адамдардын баарын же эмделгиси келгендерди толук эмдей алабыз. Биз тобокелчиликке барбайбыз. Биз илдетке өтө жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек.
Жаныбарлардын саламаттыгы боюнча дүйнөлүк уюм Крым жарым аралындагы окуяны кылдат изилдеп, алты кыштакта каз-тооктор эмнеден өлгөнүн аныктамак болууда. Уюмдун масилээтчи-адиси Алекс Төрманндын сөзүнчө, кеселдин дартын так билбей туруп, аны туура дарылоо мүмкүн эмес:
-Украинада коңшулаш өлкөлөрдө катталгандай H5N1 вирусу табылдыбы же башкабы, аны билүү үчүн илдеттин үлгүсү лабораториялык текшерүүгө жөнөтүлдү… Бул бизге белгилүү вируспу же анын өзгөргөн түрүбү, аны так билишибиз керек.
2003-жылы куш тумоосу Азияда алгач катталгандан бери региондо H5N1 вирусунан 68 киши набыт болгон. Бул вирус Румыния, Түркия, Хорватия жана Россияда да бакма канаттууларга жукканы маалым.