Орусия ЭКК уюмунун жыйынтыктоочу документине каршы чыкты

Льюблянадагы конференциядан кийин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун жетекчиси Дмитрий Руппел билдирүү жарыялоо менен чектелет.

Ушуну менен ЭККУнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүнчү жыл катары менен Орусиянын каршыгуусуна байланыштуу расмий жыйынтыктоочу документи жок аяктоодо.


Маскөө адам укуктары, Молдовадагы жана Грузиядагы орус аскерлеринин чыгарылышы сыяктуу бир катар маселелердин жыйынтыктоочу билдирүүдө чагылдырылышына нааразы экендигин жыйындын катышуучулары билдиришти.

Мунун алдында Кошмо Штаттары эгер Орусия Молдова менен Грузиядагы аскерлерин алып кетпесе, аны менен кадыресе куралдар боюнча жаңы келишимге кол койбой тургандыгын эскертти.