Кыргызстандын боршайкому Казакстанда президенттик шайлоо демократиялуу өттү деп санайт

БИШКЕК. Казакстандагы президенттик шайлоо таза, демократиялуу жана жогорку даярдыкта өттү деген бүтүмүн 6- декабрда Казахстандагы шайлоодон кайтып келген Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын байкоочулары таратышты. КМШнын байкоочулар миссиясынын катарында 4- декабрдагы президенттик шайлоого БШКнын 20 мүчөсү байкоо жүргүзүштү. Алар Астана шаарында, Жамбул жана Алматы облустарындагы 200гө чукул шайлоо участкасын кыдырышкан. Билдирүүдө айтылганга караганда, шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албаган анча- мынча мыйзам бузуулар гана катталган. Казакстандагы президенттик шайлоого Кыргызстандан айрым бейөкмөт уюмдар да байкоочуларын жөнөтүшкөн. Алардын пикири башкача чыгууда. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын өкүлү Хайт Айкыновдун пикиринде, бул президенттик шайлоодо административдик ресурс кеңири пайдаланып, бюджеттик мекемелерге жана студенттерге басым көрсөтүлдү.