Аудиторлукка талапкерлер өткөн жок

БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 6-декабрдагы отурумунда эсеп палатасынын аудиторлорун шайлоону улантты. Эсеп палатасындагы 7 орунга жалпы 68 талапкерден арыз түшкөн. Жума күнкү отурумда депутаттар гендерлик саясат тууралуу мыйзамга ылайык, 7 орундун үчөөнү аялдарга берүүнү макулдашышкан. Шайлоо 3 тур менен өтүп, акырында 4 аял, 8 эркек талапкер калышты. Бирок бул күнү бир да талапкер жетиштүү добуш топтой алышкан жок. Ошентип эсеп палатсынын аудиторлук кызмат ордуна 5-декабрда шайланган Айгүл Сөлпиеваны эске албаганда бир дагы талапкер өткөн жок.