Словенияда ЕККУ уюмунун жылдык жыйыны өтүүдө

Любляна шаарындагы жыйындын кечээги алгачкы иш күнүндө АКШ Орусия тараптын уюмдун шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссиясынын ишмердүүлүгү боюнча сынын четке какты. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров өз сөзүндө ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча мекемесинин ишин кескин сынга алган эле.
Бирок АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бернс ЕККУнун байкочуларынын иши эл аралык стандарттын үлгүсү экенин белгиледи:

-АКШ Демократиялык институттар жана адам укуктары мекемесинин ишин кубаттайт. Бул - бүткүл дүйнө боюнча шайлоого байкоо жүргүзүү ыкмасынын алтын стандарты. Демократиялык институттар жана адам укуктары мекемеси урматталып жана чыңдалышы керек. Ал ушул уюмдун бир баарыбыз макул болгон, демократияны жана шайлоолорду колдоо боюнча маанилүү милдетин аркалоодо.