Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас Израилдеги жардырууну айыптады.

Аббас аны террор деп баалап, карасанатайлык үчүн жооптулар жазаланат деди.
Нетанья шаарындагы соода борборунда бүгүн болгон кол салуудан кеминде 5 киши набыт кетип, 35 адам жараат алды.
Израиль полициясынын божомолунда аны жан кечти ишке ашырган болушу мүмкүн.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ал Аксанын азапкөйлөрү” жана “Ислам Жихады” топтору өзүнө алышты.