Ганси боюнча жаңы келишим түзүлөт

БИШКЕК. Ганси авиабазасы боюнча Кыргызстандын мурдагы бийлиги өлкөгө пайда келтирбей турган келишим түзүп койгон. Ошондуктан учурда эки тарап үчүн бирдей, теңата келишим түзүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына вице-премьер-министр Адахан Мадумаров 5-декабрда билдирди. Мадумаровдун айтымында, бул маселе АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин октябрь айындагы эки тараптуу сүйлөшүүсү учурунда эле чечилген.