С. Ибраимов каза болгонуна 25 жыл болду

БИШКЕК. Мындан 25 жыл мурда 4-декабрда Кыргыз ССРинин Vинистрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов киши колдуу болуп каза тапкан. Байкоочулардын баамында, ал партиялык чогулуштарда бийликти ачык сындагандыгы, коррупцияга каршы күрөшкөндүгү, совет убагы болсо да демократиялык принциптерге жакын болгондугу менен элдин эсинде калды. Султан Ибраимов Ош облустук партиялык комитетин 10 жыл жетектеген, ага чейин Компариятынын Борбордук Комитетинин айыл чарба боюнча катчысы, Жогорку Кеңештин президиум төрагасы болуп иштеген. 1980-жылы 4-декaбрда Султан Ибраимовду Чолпон-Ата шаарындагы өкмөттүк дачасында эс алып атканда белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Аны менен кошо анын жансакчысы жана айдоочусу Юрий Вольф да каза тапкан.