Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын аймагында дагы эки кыргызстандык атуулдун өлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Нижегородск облусунун Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Аларды өзбекстандык мигранттар өлтүрүшкөн болушу мүмкүн деген кабар бар.
Нижегородск облусунун Дзержинск шаарындагы көчөлөрдүн биринде жаңы курулуп жаткан үйдө борборазиялык эмгек мигранттары иштеп келишкен. Нижегородск облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Александр Горбатовдун айтымында, жакында, 23-ноябрда, ошол курулуштун подвалынан эки кыргызстандык мигранттын өлүгү табылган. 1966- жана 1978-жылкы кыргызстандык эки атуулдун жасаты кумга көмүлүп салынган экен.
- Өлгөндөрдүн экөөсү тең башынан келтек жегени байкалат, анткени көп жери көгөрүп, сыйрылган. Тергөө иштеринин жыйынтыгында, 1-декабрда Нижегородск облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмыш боюнча шектелген 7 киши кармалды. Алар баары - Өзбекстандын жарандары. Өлгөндөр да, кармалгандар да бир курулуш объетисинде мыйзамсыз иштешкен жана, тергөө иши көрсөткөндөй, мушташып кетишкен экен. Бул иш боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин «Адам өлтүрүү» деген 105-беренесине ылайык, кылмыш иши козголду жана азыр прокуратура тарабынан тергөө иши жүрүп жатат, - деп кабарлады ишемби күнү Нижегородск облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Александр Горбатов.
Биз бул кабарды алышыбыз менен Кыргызстандын Москвадагы Элчилигинин Консулдук кызматына, консул Төлөн Турганбаевке чалдык. Бирок Консулдук кызмат бул маалыматты эми эле угуп жатканын айтып, кайра бир канча мүнөттөн кийин чалууну суранды.
- Азырынча биз бул маалыматты ала элекпиз. Азыр эми аларга чалып көрөлү.
Анан сүйлөшүлгөн убакта кайрадан консулга чалдык.
- Мен азыр аларга чалдым. Жанагы информация туура экен. Сиз чалгандан кийин биз Оштон, Аданов деген кишиден, кат алдык. Ал жерде өлгөндөрдүн фамилиялары жүрөт: Дыйканбаев Мажит Баткенден жана Ноокат районунан Жусупов Раимбет дейт. Бизге бул катты алардын туугандары жиберишкен экен. Көрсө, бул окуя 23-ноябрда болгон экен. А мен азыр Кылмыш иштери боюнча бөлүмгө чалсам, алар кетип калышыптыр. Ишти прокуратура карайт экен, алар болсо ишемби-жекшемби күндөрү иштешпейт да. Биз эми аларга ырасмий кат жөнөтүп, иштейбиз.
«Азаттык»: - 23-ноябрдан бери сиздерде бул тууралуу кабар болгон жок беле?
- Орусияда, негизи, шартка ылайык, эгер ушул өңдүү окуялар болуп калса, бизге ырасмий билдирүү жибериши керек эле. Бирок алар жиберишкен жок. Биз маалыматты сизден алгандан кийин гана Интернеттен издей баштадык, анан Оштон келген кагаз бар болчу. Оштон кат да бүгүн эле келди, аны элчи да караганга үлгүргөн жок. Эми биз прокуратурага кайрылып, биздин эки жарандын өлүмү боюнча маалымат беришин суранабыз. Анан тергөө ишинин жүрүшүнө көз салып турабыз. Андан сырткары, эми бул эки адамдын өлүгүн Кыргызстанга жиберишибиз керек. Ал боюнча иштейбиз, - деп билдирди Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин Консулдук кызматынын жетекчиси Төлөн Турганбаев.
Орусиянын ар кайсыл аймактарында иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын өлүмү жөнүндө буга чейин да кеңири маалымат бергенбиз. Жакында болгон башка окуяларды кошкондо абал кандай өзгөргөнүн билүү үчүн Москвадагы кыргыз мигранттарынын абалын изилдеп жүргөн окумуштуу Жамиля Бегишевага кайрылдык.
- Ушул жылдын июль айынан бери Москванын өзүндө эле өлгөн кыргыз мигранттарынын саны 14 адамга жеткен эле. Андан сырткары, Санкт-Петербург шаарында 3 бала күйүп кеткен. Дагы бир катар шаарларда ушундай окуялар байкалды. Анан алардын баарын кошуп айтканда, Орусия боюнча жай айынан бери 20дан ашуун кыргызстандык мигрант түрдүү кырсыктардан улам көз жумду, - деди Москвадагы «Ала-Тоо» уюмунун төрайымы Жамиля Бегишева.
Бирок бул көрсөткүч деле так эмес дейт ал. Анткени айрым окуялар билинбей эле калып жатат. Бегишева айым, мындан сырткары, 29-ноябрда Москвада кыргыз мигранттары жашаган үйдө чыккан өрт боюнча да жаны маалыматтарды берди. «Азаттык» ошол күнү бул тууралуу кабар берип, өрттөн бир кыргызстандык жаран каза болгонун кабарлаган эле. Бегишева айым бизге ишемби күнү айткан маалыматында, өрттөн оор жаракат алган дагы бир кыргызстандык мигрант көз жумган. Экөөнүн тең сөөгү ишембиде Кыргызстанга жиберилип жатат.