Көрүнүктүү коомдук ишмер Ыскак Раззаковдун 95 жылдыгы Баткенде өткөрүлдү

БАТКЕН. 3-декабрь күнү Лейлек районунун борбору Исфана шаарында улуу инсан Исхак Раззаковдун 95 жылдыгы белгиленди. Салтанатка борбор калаадан вице-премьер министр Адахан Мадумаров баш болгон делегация келип, алардын арасында билим берүү министри Досбол Нур уулу, Саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязов, Маданият министри Султан Раев, жол транспорт министри Нурлан Сулайманов, Айыл, суу чарба, өнөр жай жана курулуш министри Абдымалик Анарбаев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Аскарбек Шадиев, Мурат Жураевдер келишти. Делегация алгач Исфана шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №20-21 чегара аскер бөлүгүндө болушуп, ал жерде улуу инсандын бейнесинин ачылышына катышты. Андан соң Исхак Раззаковдун музейи менен таанышып, ал жерде вице-премьер-министр Адахан Мадумаров Исфана музейиндеги Раззаковдун кийимдерин, төш белгилерин жана кээ бир буюмдарын Бишкектеги музейге алып кетүүсүн айтты. Ошол жерде Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Раззаков баяны” аттуу поэмасынын бетачаары болуп, акын Раззаковго арналган ыр саптарын окуп, китебин Исфана музейине белек кылып берди. Ал эми Кыргыз телерадио корпорациясынын президенти Кыяс Молдокасымов жергиликтүү музейге улуу кеменгер жөнүндө тартылган даректүү фильмин белеке берди. Келген коноктор Исфана стадионунда уюшулган театрлаштырылган оюн-зоок программасына күбө болушуп, ал жерде улуу инсандын замандаштары, бийлик өкүлдөрү, министрлер жана Раззаковдун туугандары сөз сүйлөштү. Салтанаттын аягында куран окулуп, Бишкектен жана Баткенден келген конокторго сый тамак берилди.