Админстративдик реформа жүргүзүлөт

БИШКЕК. 2-декабрда президенттин маалымат кызматы президент 30-ноябрда кол койгон “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын структурасын жакшыртуу” тууралуу жардык боюнча комментарий таратты. Анда мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу маселелери боюнча иштеген республикалык комиссиянын сунушу жактырылганы айтылат. Буга ылайык, республикалык, облустук жана райондук мамлекеттик башкаруу органдарынан 228 башкаруу структурасы жоюлат. Буга күч структуралары кирбейт. Мунун негизинде мамлекттик башкаруу органдарында иштеген кызматкерлердин саны 5539га кыскарып, 1164 кызматтык автоунаа бошотулат. Бул мамлекеттик аппаратка сарпталчу жалпы чыгымды 279миллион сомго, анын ичинде маянага төлөнчү сумманы 154 миллион сомго кыскартат. Жардыкта ошондой эле өкмөткө жана башка мамлекеттик органдарга структурасын, кызматкерлеринин санын жардыкта көрсөтүлгөндөй санга ылайыкташтырууга үч айлык мөөнөт берилген. Мындан сырткары бул реформанын негизинде кызматтан бошогон кызматкерлерди жумушка орноштуруу чараларын көрүү жагы да тапшырылган.