Беларус парламенти Лукашенконун бийлигин сындан коргоду

Беларус парламентинин өкүлдөр палатасы президент Лукашенконун бийлигин сындан коргогон катаал мыйзам кабыл алды. Жаңы мыйзамга ылайык, өкмөттү төңкөрүүгө же “конституциялык бийликти күч менен өзгөртүүгө” ачык чакырган адам үч жылга чейин эркинен ажыратылат. Ким Беларустагы жагдай тууралуу жалган маалымат таркатса, ал эки жылга кесилиши ыктымал. Сынчылардын айтышынча, мыйзам Украинадагыдай ынкылапты болтурбоого багытталган.