ПАРЛАМЕНТ ЖЫЙЫНЫ

Айымкыз 2-декабрда Өзбекстан парламентинин (Олий Мажлисинин) Сенаты 4-жалпы чогулушун өткөрдү. Сенаттын кезектеги сессиясында күн тартибине 26 маселе киргизилген. Алардан эң маанилүүсү 2006-жылкы мамлекеттик бюджеттин долбоору жана мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан кабыл алынган жана макулдук берүү үчүн Сенатка жиберилген 9 мыйзам, ошондой эле айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү маселелер.
Өзбекстандын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизүү, өлкөнүн кылмыш кодексине жана Өзбекстан Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексине өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү жөнүндөгү жаңы мыйзам, Конституция кабыл алынышынын 13 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү, ошондой эле өлкөнүн Конституциялык жана Жогорку сот орунунун ишмердүүлүгү менен байланыштуу маселелер да кезектеги жалпы чогулуштун күн тартибине киргизилгени маалымдалды.

Өлкөнүн Каржы министринин биринчи орунбасары Бахром Ашрафхоновдун билдиришине караганда, бул жылкы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 3 триллион 353 миллиард сумдан көбүрөөк болгон. Ал эми 2006-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси дээрлик 3 триллион 992 миллиард сум болушу болжолдонууда:

-2005-жылкы мамлекеттик бюджеттин каражаттары 3 триллион 462 миллиард сумдан бир аз ашыгыраак болушу күтүлүүдө. Ал 2006-жылкы мамлекеттик бюджеттин каражаттары 4 триллион 263 миллиард сумду түзөт. 2005-2006-жылкы мамлекеттик бюджеттеги каражаттардын айырмасы 1 триллионго жакын болсо, 2005-2006-жылкы мамлекеттик бюджеттеги кирешелердин айырмасы болжол менен 600 миллиард сумду түзүп жатат. Демек, кирешеге караганда каражатта өсүү көп. 2005-жыл мамлекетте саламаттыкты сактоо жылы деп жарыяланганына байланыштуу бюджеттен жалпы 379 миллиард сум, башкача айткнада өткөн жылга салыштырмалуу 40 пайызга артык каражат ажыратылды,- дейт Бахром Ашрафхонов.

Өзбекстандын 2006-жылкы мамлекеттик бюджетинин долбоору сенаторлор тарабынан колдоого алынды.
Чогулушта эмне үчүн социалдык турмуштагы кемчиликтер жөнүндө эмес, тек гана ийгиликтер жөнүндө айтылды деген “Азаттыктын” суроосуна сенатор Эркин Жураев төмөнкүчө жооп берди:

-1-2 жылда мардикер деген аты менен жок болот деп ишеним менен айта алам. Алардын саны илгеркиге караганда бир топ азайганын байкоо кыйын эмес. Анткени, өкмөт тарабынан мардикерликти жоюу, жайларда жумуш орундарды табуу аракети көрүлүүдө.