Рамадиге согушкерлер кол салды

Багдаддын батышында жайгашкан Рамади шаарындагы АКШ аскерлерине жана жергиликтүү бийлик органдарына согушкерлер кол салып, шаардын бир нече көчөсүн ээлеп алышты. Бетин жаап алган согушкерлер минамет жана ракеталар менен АКШ базасын аткылашкан. Маалыматка караганда, бул чабуул АКШ менен Ирактын күчтөрү Рамади шаарында аскерий операцияга жасоо максатында 30-ноябрда келгенден кийин жасалды.