Израил Ирандын атомдук куралга ээ болуусуна жол бербейби?

Израил Иран атомдук куралга ээ болуусуна эч качан макул болбойт. Ага жол бербеш үчүн Израил бардык чараларды көрөт, деп билдирди өлкөнүн премьер-министри Ариэл Шарон 1-декабрда. Анын айтымында, маселени чечүү үчүн башка арга көрүүдөн мурда Израил бардык дипломатиялык чараларды колдонот. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Николас Бернс атомдук маселеде жоопкерчиликсиздик кылып жаткан Тегеранга эл аралык коомчулук басым жасаш керектигин билдирген эле.