Кыргыз-орус бизнес форуму өттү

БИШКЕК. Бишкекте «Кыргызстан-Орусия: учур жана келечек» аттуу бизнес форум 1-декабрда ишин аяктады. Бул форумга Орусиядан соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Борис Пастухов баштаган делегация катышты. Делегациянын курамына 14 региондон 40ка жакын өкүл кирген. Иш-чарада соода-өнөр жай кызматташтыгынын ар кыл өңүттөрү талкууга алынып, бир катар макулдашуулар кабыл алынды. Алардын катарында Кыргызстан менен Орусиянын соода-экономикалык кызматташтыгы жөнүндөгү, эки палатанын эл аралык коммерциялык арбитраж тармагы боюнча кызматташтыгы жөнүндөгү макулдашуулар бар. Бизнес Форумдун катышуучуларына Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков куттуктоолорун жолдошту. Форумду премьер-министр Феликс Кулов ачты.