Кызылкыя цемент заводунун курулушу 2006-жылы башталат

БИШКЕК. 30-ноябрда өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев өкмөт башчы Феликс Кулов жана өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн, Ош, Баткен облустарынын жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда “Жылына бир миллион тонна цемент чыгаруу кубаттуулугундагы Кызылкыя цемент заводунун курулушу” ишкер долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.Учурда аталган долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Мындан аркы ишти улантуу үчүн 106 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция зарыл. Заводдун курулушун 18-20 айда айда бүтүрүү болжолдонууда. Бул маанилүү курулуш учүн бир жарым миң адам тартылып, ал ишке кирген соң 850 адам жумуш орду менен камсыздалат жана түштүк аймагынын калкы курулуш материалдарын ылайыктуу баада ала алаышат. Жыйында президент келерки жылдын биринчи кварталында курулушту баштоо милдетин койду. Жыйын соңунда заводдун курулушун жаңы жылдын биринчи кварталында баштоо тууралуу чечим кабыл алынып, өкмөткө 20-декабрга чейин буга байланышкан бардык маселелерди иликтөө тапшырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан ушул эле күнү кабарлашты.