Арбитраждык сот ЮКОСко байланышкан чечимди четке какты

Орусиянын федералдык арбитраждык соту ЮКОС компаниясы чет элдик кредиторлорго 475 миллион доллар төлөп берүүгө тийиш деген төмөнкү инстанциядагы соттун чечимин четке какты. 2003-жылы ЮКОС Батыш банктарынан 1 миллиард доллар карыз алган эле. Компания карызын төлөй албай калганда 14 кредитор Лондондогу Жогорку сотко кайрылган эле. Сот алардын талабы аткарылышы керек деген чечим чыгарган. Андан кийин бул иш Москванын арбитраждык сотуна жиберилип, ал ЮКОС 475 миллион доллар бересесинен кутулушу керек деген бүтүмгө келген.