Казакстанда шайлоо адилет өтөбү?

Казакстандын тышкы иштер министри жекшемби күнкү президенттик шайлоо өлкө тарыхындагы эң ачык, адилет жана калыс болот деп билдирди. Москвада сапар менен жүргөн Касымжоомарт Токаев добуш берүүнүн эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү үчүн эл аралык институттар менен иштешип жатабыз, деп кошумчалады.

Анын аралыгында Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы ар кандай кооптуу адамдардын өлкөгө келишин алдын алуу үчүн Кыргызстан менен чегара катуу кайтарыла баштады деп билдирди. Комитеттин өкүлдөрү казак тарабы чегараны таптакыр жаап салды деген кабарларды төгүнгө чыгарышты.