Европа аймагында АКШ жашыруун абак кармаган деген маселе ырбап баратат

Бүгүн Вашингтон шаарында АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Алманиянын жаңы тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер жолугууга тийиш жана сүйлөшүү учурунда башкалардын арасында европалык мамлекеттердин аймагында АКШнын жашыруун абактары бар болчу деген маселе да талкууланат. Ал тууралуу алгач ноябрдын башында "Вашингтон пост" гезити жазып чыккан. Европа Биримдигинин Укук маселелери боюнча комиссары Франко Фраттини кечээ күнү билдиргенге караганда, кайсы бир европалык мамлекетте андай түрмөлөр ачылганы аныкталса, ал мамлекетке каршы чара көрүлөт.