АКШнын айтымында, террорчулар террор жасай электе кармалганы жакшы

АКШнын "USA Today" деген гезитинде бүгүн мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын интервьюсу жарыяланды жана анда Райс айым - террорчулуктан шектелген адамдар сотсуз кармалып жатканы АКШ үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн да пайдалуу, анткени андай адамдар кылмыш жасай электе кармалганы жакшы, антпегенде миңдеген бейкүнөө адам курман болушу мүмкүн деп билдирди. Андан тышкары мамлекеттик катчы - Ирактагы согуш учурунда АКШ жетекчилиги айрым ката кетиргенин моюнга алды.