Депутат Ж. Сурабалдиевдин өлүмүндө саясий себеп жок

БИШКЕК. Жыргалбек Сурабалдиевдин өлтүрүлүшүнө кандайдыр бир саясий мүнөз бар экени негизделген жок. Мурдакы депутат Жыргалбек Сурабалдиевдин өлүмү анын жеке менчик “Азамат” автобазарына байланыштуу болгон. Анда кайрадан карап, тактап чыга турган кандайдыр бир проблемалар бар. Ал маселелер бүгүнкү күндө тергөөдөгү негизги версиялардын бири. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев 29-ноябрда Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, Сурабалдиевдин өлүмүнө байланыштуу 200дөн ашуун адамдар суралып, депутаттын өлүмүнө кызыкдар деп шектелген адамдардын тобу тергөөдө көрсөтмө берүүдө. Коопсуздук кызматы тарабынан бул кылмыш ишин толук ачып чыгууга мүмкүнчүлүк бар деди, Таштемир Айтбаев.

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Ишкерлер биримдигинин президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев белгисиз куралчан адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн.