БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин 29-ноябрдагы жардыгы менен Надыр Момунов президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды. Ал ушул кезде “Азаттык” радиосунун интернет-баракчасынын орус тилиндеги редактору болуп иштеп жаткан. Президенттин ушул эле күнкү дагы бир жарлыгы менен Тынымбек Ормонбеков президенттик администрациянын социалдык саясат боюнча бөлүмүнүн башчылыгынан бошотулду.