ЕВРОБИРИМДИК АКШнын ЖАШЫРУУН АБАКТАРЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТЫ ДЫКАТ ИЛИКТЕЙТ

Европа Биримдиги арасында Европа өлкөлөрүндө АКШнын жашыруун абактары бар деген маалыматтардан улам талаш-тартыш күч алып барат. Чын-төгүнү тактала элек бул маалыматтарда АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы ал жашыруун абактарда туткундардын адам укуктарын басмырлап келатканы айтылат. Кабар тастыктала электе эле Евробиримдиктин юстиция боюнча комиссары Франко Фраттини андай абактар ачууга жол берген өлкөлөр Еврошаркеттин мыйзамдарын бузган жана сөзсүз санкцияларга туш болот деп эскертти. Фраттини бирок азырынча бул маалымат бышыкталбаганын кошумчалады.
Айрым Европа өлкөлөрү Кошмо Штаттардын Борбордук чалгындоо башкармалыгы – ЦРУнун жашыруун абактарына катышы бар деген маалыматты тактоо аракети азырынча майнап бере элек. Шейшембиде Брюсселде өткөн маалымат жыйынында Евробиримдиктин юстиция боюнча комиссары Франко Фраттини жана Еврокомиссиянын вице-президенти андай ишке аралашканы аныкталса, Биримдикке мүчө өлкө сөзсүз санкцияларга туш болот деп эскертишти. Бирок алар бул маалымат тактала электигин белгилешти.

Комиссар Фраттини АКШнын жашыруун абактары туурасындагы кабарлар боюнча иликтөө иштери сөзсүз аягына чыгарылышы керек деген пикирде:

- Анткени мындай айыптоолор чындык болуп чыкса, Евробиримдиктин келишимдери олуттуу түрдө бузулган болот. Биз бул маселе ачык-айкын далилденмейинче жөн койбойбуз.

Евробиримдиктин комиссары Фраттини ушу тапта бул маалыматты иликтөө иши менен Европа Кеңеши алектенип жатканын, алгачкы текшерүүгө туш болгон Болгарияда эч кандай илинчек табылбаганын кошумчалай кетти. Еврокеңештин атайын иликтөө тобу Евробиримдикке мүчө жана талапкер башка да өлкөлөргө барып ишин улантмакчы.

Андан сырткары айрым кабарларга караганда, Евробиримдикке учурда төрагалык кылып жаткан Британия АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын наамына кат жазып, бул маселеге ачыктык киргизүүнү өтүнүү милдетин өзүнө алды. Ошондой эле АКШнын жашыруун абактарынын тегерегиндеги маселе Германиянын жаңыдан дайындалган тышкы иштер министринин АКШдагы сапары маалында да талкууга алынаары күтүлүүдө.

Комиссар Фраттини Евробиримдиктин алкагында бир да уюм бул маселени жалгыз өзү иликтей албай турганына көңүл бурду:

- Бир парадокс келип чыкты. Еврокомиссия бул ишти иликтөө укугуна ээ эмес, бир гана эгерде бул маалымат такталса, Евробиримдик жөнүндөгү келишимдин 6-жана 7-беренелери бузулганын аныктап бере алат.

Аталган беренелерде Евробиримдик эркиндик, демократия, адам укуктарын, жалпы эркиндиктер менен мыйзам үстөмдүгүн урматтоо принциптеринин негизинде түзүлгөнү айтылат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс келээрки аптада Европалык беш өлкөгө сапарлап барат, алардын арасында Германия, Румыния жана Украина бар. Айрым эксперттер ошол визиттер маалында айрым суроолор такталып калышы мүмкүн, деп жоромолдоодо.