Түндүк округунда мыйзам бузуулар болду деп айтылууда

БИШКЕК. БШКдан алынган алдын ала маалыматтарга караганда, Түндүк округу боюнча парламенттик шайлоодо 52 пайыздан ашык добуш менен Жаныш Кудайбергенов алдыга чыкты. Мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева 28 пайыз, мурдагы премьер-министр Николай Танаев 3 пайыз добуш алды. Роза Отунбаеванын пикиринде, бул шайлоодо мыйзам бузуулар болду жана административдик ресурстар пайдаланылды. 18 шайлоо участкасына байкоочуларын койгон “Интербилим” уюму да аталган округда мыйзам бузуулар болгонун билдирди. Ал эми “Демокартия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы айрым гана мыйзам бузуулар болгонун белгилеп, алар шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизбестигин билдирди.