Иракта бир нече чет өлкөлүк жаран барымтага алынды

Иракта ишемби күнү бир нече чет өлкөлүк жаран барымтага алынып кеткени бүгүн белгилүү болду. Алардын экөө Канаданын, бири Британиянын, бири АКШнын жарандары. Аларды ким жана кандай максат менен туткунга алганы азырынча белгисиз. Андан тышкары бүгүн Багдад шаарынын алдында бир автобуска чабуул жасалып, анын ичиндеги эки британиялык жаран өлдү, дагы бир нече киши жараат алды.