Чеченстанда кечээ парламенттик шайлоо болду

Ырасмий санактарга караганда, “Бирдиктүү Россия” алдыда келатат, анын талапкерлери добуштардын дээрлик 61 процентин алышты. Экинчи орунда коммунисттер, андан соң “Оңчул күчтөр союзу” баратат. Чеченстандын шайлоо комиссиясы ырастаган маалыматтарга ылайык, добуш берүүгө шайлоочулардын 57 проценти катышты. Шайлоодо укук коргоочу негизги уюмдардан байкоочулар болгон жок.