ДКБ Кыргызстан парламенттик республика болушу керек деп эсептейт

БИШКЕК. “Демократиялык күчтөр биримдиги” Кыргызстан парламенттик республика болушу керек деп эсептейт. Бирок Кубатбек Байболовдун айтымында, бул партия мөөнөтсүз шайлоого баруу жана парламентти таратуу өңдүү демилгелерди колдобойт. Азыркы президент дагы, парламент дагы 5 жылдан толук иштегенден кийин партиялык тизме аркылуу парламент шайланып, анда көп орун алган партия мамлекетти башкарышы керек. Парламенттик башкаруу системасына өтүү идеясын Роза Отунбаева менен Азимбек Бекназаров жетектеген “Кыргызстан” саясий кыймылы да колдойт. Бирок Кыргызстан бул системага өткөнгө даяр эмес, деген пикирлер да арбын айтылууда.