«ДЕМОКРАТИЯЛЫК КҮЧТӨР БИРИМДИГИ» БИЙЛИККЕ ОППОЗИЦИЯДА БОЛОТ

Кыргызстанда «Демократиялык күчтөр биримдиги» деп аталган республикалык жаңы саясий партия түзүлүп, анын уюштуруу жыйыны 27-ноябрда Бишкекте өттү. Курултай бекиткен саясий кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов, Борбор Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, элчи жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бакыт Бешимов, ишкер Өмүрбек Абдрахманов баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер киришти.
«Демократиялык күчтөр биримдиги» саясий партиясы азыркы бийликке конструктивдүү оппозицияда болуп, экономикалык, соттук, конституциялык радикалдуу реформаларды жактырат. Башкаруунун парламенттик формасын жактайт, бирок кезексиз парламенттик шайлоо коомду дестабилдештирет деп эсептеп, мындай демилгени колдобойт. Саясий партия коррупцияны жоюу, жашоо-турмушту түп-тамырынан бери өзгөртүү максаты менен бийликти кулаткан элдин мүдөөсү акталбай, революцияга мүнөздүү болгон радикалдуу аракеттер жасалбай жатат деп эсептейт. Курултайдагы башкы доклад мына ушундай мазмунду камтыды.

Кабыл алынган резолюцияда саясий партия өлкөнүн саясий-экономикалык өнүгүшүнүн 25-30 жылдык стратегиялык планын түзүү, өлкөнүн реалдуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп чыгуу, эл аралык уюмдар менен тышкы карыздарды жоюу, кошумча инвестицияларды алуу үчүн натыйжалуу сүйлөшүүлөргө жетишүү максаттары айтылды.

«Демократиялык күчтөр биримдиги» Кыргызстандагы башка саясий партиялардан өзгөчөлүгү катары анын башка партиялар менен бир багытта кызматташууга реалдуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилеп жатат. Бул тууралуу партия лидери Кубатбек Байболов буларга токтолду:

- Биз биртоп партиялар менен алдын ала макулдаштыгыбыз бар. Мындан ары өлкөдө кеңири демократиялык коалиция түзүү аракети башталат. Буга чейин да сүйлөшүүлөр болуп келген. Менин оюмча, жылдын аягына чейин же келерки жылдын башында бул коалицияны түзүүгө жетишебиз.

Курултайда блок түзүү ыктымалдыгы бар партиялардын аттары расмий аталган жок. Бирок Социалисттик «Атамекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев, «Социал-демократтар» партиясынын төрага орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов, «Менин өлкөм» саясий партиясынын координаторлорунун бири Табылды Эгембердиев конок катары катышты. Алар коомчулукка көз карандысыз саясатчы катары таанымал, Жогорку Кеңештин таасирдүү депутаттарынын бири Кубатбек Байболов баштаган топтун партия түзүп жатышын коомдук-саясий турмуштагы зарылчылык катары баалашты.

Депутат Мелис Эшимкановдун пикиринде аталган партиянын түзүлүшү салмактуу партиялардын заманы келаткандыгынан кабар берет:

- Булар эми байлыгы бар адамдар да. Социалдык базасы бар. Орусча айтканда, булардын жоготору бар. Ошондуктан, алар башын канжыгага байлап, мындан аркы жашоо бүгүнкүдөй болбошу керек деп, экономикалык, саясий программа менен чыгып атышпайбы, мына курултайда парламенттик республикага барышыбыз керек дешпедиби. Ушул өңүттөр абдан чоң үмүттөндүрөт.

Мелис Эшимканов ошондой эле Орусиянын бириге албай калган «Прогрессивдүү күчтөр биримдиги» блогунан айырмаланып, Кыргызстанда карылуу бир катар саясий партиялардын бир блокко баш кошоруна да ишенет. Ал эми жаңы партиянын лидери Кубатбек Байболов партиялар баш кошо албай калуу кооптуулугун да жокко чыгарбайт:

- Кыргыздын саясий сахнасында, саясий амбиция Россияныкынан кыйла көбүрөөк. Ошондуктан андай коркунучтар бар. Бирок азыр мезгил муну талап кылып жатат. 64 партия өз алдынча эч кандай ийгиликке жете албайт.

Жалпы кызыкчылыктары төп келген партиялардын коалицияга биригип, кызматташуу зарылдыгын курултайга чакырылган саясий лидерлер да «Азаттыктын» суроолоруна берген жоопторунда белгилешти.

Буга чейин 20га чукул саясий уюмдар блокко кошулуп жаткандыгын оңчул маанайдагы партиялар кабарлашкан. Алар «Демократиялык күчтөр биримдигинен» айырмаланып, жаңы бийликтин саясатын жакташат. Ошол курамдагы партиялардын бири Топчубек Тургуналиев жетектеген «Эркиндик» саясий партиясы болсо парламенттин чукул таркатылып, июнь-июль айларында парламенттик кезексиз шайлоо өткөрүү маселесин коомчулукка курч коюп келатат.

Адилет министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, «Демократиялык күчтөр биримдигин» кошкондо 65 саясий партия каттоодо турат. Эгемен Кыргызстанда саясий уюмдарды түзүү аракеттери 1990-жылдардын башында «Эрк» саясий партиясынан башталган. Бирок байкоочулар өткөн 15 жыл ичинде түзүлгөн партиялардын ичинде жаратман партия катары өзүнүн кудуретин бир да партия далилдей электигин белгилеп келишет.