Күзгү талаа жумуштарына күйүүчү май тартыш

ЖАЛАЛАБАТ. Облустун дыйкандары 45 миң гектар аянтка күздүк эгиндерди айдап-себүүнү болжошкон. Үрөн жана техникалар жетиштүү болгону менен күйүүчү майдын жана суунун тартыштыгынан жума этегине чейин 25 миң гектар жерге эгин себилди. Өзгөчө күүйчү майдын тартыштыгы менен баанын кымбаттыгы күздүк эгүүнү кыйла артка тартты. Дизель отундун литрин күйүүчү май менен камсыз кылуучу жеке станциялар 20 сомдон сатышууда. Дыйкандардын майды мындай баага сатып алууга акчалары жоктугунан дизель отунун контрабандалык ыкма менен табууга аракет кылышат. Бардык аянттарга эгин себүү үчүн эки жарым миң тонна күйүүчү май зарыл. Облустук жетекчиликтин сүйлөшүүсүнөн кийин Жалалабаттагы нефтини кайра иштетүүчү «Кыргыз петролиум компани» заводу 50 тонна, Кочкората шаарындагы «Кыргызнефтегаз» акционердик коому 150 тонна солярканы 16 сом 50 тыйындан берүүгө макул болушту. Мындай маалымат 26-ноябрда облустук бийликтен алынды. Облус калкынын жылдык керектөөсүнө 220 тонна буудай керек, быйыл 180 тонна буудай камдалган. Жетишсиз болгон буудай азыгы ишкерлер тарабынан сырттан ташылат, деген ишеним бар.